Баткенде "күйөө балаңмын" деп чалып, аялдын 1800 долларын алып кетти

© flickr.com / Chris PotterДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Телефон чалган "күйөө бала" алты жаштагы баланы тебелеп кеткенин, ал чарчап калгандыктан эми ири суммадагы акча керектигин айткан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Баткенде телефондон кишилерди алдап акча алган факты боюнча кылмыш иши козголгонун облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддан бир топ кишини сызга отургузуп кеткен аял Бишкектен кармалды
Маалыматка ылайык, апрель айынын соңунда милицияга Кадамжай айылынын 67 жаштагы тургуну кайрылган. Анда 26-апрель күнү ага "күйөө балаңызмын" деп бир жаран чалганын, жол кырсыгына кабылганын айтып, тез арада 2000 доллар керек экенин билдирген. 

Жабырлануучуга чалган шылуун алты жашар баланы тебелеп кеткенин айтып, акчаны Кызыл-Кыя шаарындагы Бам участкасынын талаасындагы зым карагайдын түбүнө калтыруусун талап кылган. Натыйжада аялдын 1500 доллары менен 21 миң сом акчасын алып кеткен.

"Учурда аталган факт боюнча 166-берененин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголду. Версиялар бар, бирок азырынча алар аталбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Баткен ОИИБи былтыр да ушундай шылуунчулук фактылары катталганын, анда чалган кишилер абакта жаза өтөп отургандар экенин аныкташкан.

Мындан улам укук коргоо органдары кимдир-бирөө жакын тааныштын атынан чалап акча берүүнү же которууну, же болбосо телефонго бирдик жүктөөнү суранса тез арада милицияга кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0