WhatsApp: "Манас" аэропортунун экинчи кабатынан лимузин кулап кете жаздады

© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуЛимузин "Манас" аэропортунун экинчи кабатынан кулап кете жаздады.
Лимузин Манас аэропортунун экинчи кабатынан кулап кете жаздады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинанын айдоочусу артты көздөй айдаганда тосмону барып сүзүп, аэропорттун экинчи кабатына көтөрүлүш жерден салаңдап калган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Лимузин "Манас" аэропортунун экинчи кабатынан кулап кете жаздаганын окурман WhatsApp номер аркылуу жиберди. 

Ак түстөгү Hummer үлгүсүндөгү машинасы экинчи кабаттагы терминалды көздөй чыккан. Бирок, артка туура эмес айдап, атайын тосмону барып сүзгөн. Анын кесепетинен машинанын бир дөңгөлөгү салаңдап калган.

Эгер сиз кайсы бир окуянын күбөсү болуп сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз медиа файлдарды бизге +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0