WhatsApp: Аламүдүн РИИБ имаратынын алдындагы айдоочулардын адепсиздиги

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки автоунаа арты менен айдап, жол эрежелерин бузушту.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Борбор калаанын тургуну Виктор Знаменщиков Аламүдүн РИИБ имаратынын алдынан айдоочулар адепсиз иштерге барганын WhatsApp номери аркылуу билдиришти.

Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү автоунаа арты менен айдап, каршы тилкеге чыгып жолду тосуп алган. 

"Арты менен айдаганы аз келгенсип, ал жолдон ары-бери айланды. Милиция бул окуяга чара көрүүнүн ордуна телефонуна тартып жатышты", — дейт Знаменщиков.

Милиция Ак үйдүн жанындагы паркта унаасын токтоткон айдоочуларга айып пул салды
Видеодо жол тандабас менен кошо атайын сигнал баскан башка автомашина да баратканы даана көрүнөт.

Окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Кайгуул милиция башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

Эгер сиз кайсы бир окуянын күбөсү болуп сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз медиа файлдарды бизге +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүздөр болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0