Сокулук районундагы Манас айылынын тургуну 1 миллион рублин алдатып жиберген

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүРубль акчасы. Архив
Рубль акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары мурда соттолбогон 28 жаштагы жаран кармалды.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Манас айылынын тургунунан бир миллион рублди алдап алды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 64 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, ал 28 жаштагы жаран чогуу бизнес жасоо максатында ири суммадагы акчасын алып, аны кайтарбай койгонун айткан", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенилип берилген мүлктү ээлеп алуу") менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин жайынтыгында шектүү жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0