Лебединовкада адамды себепсиз бычактоого шектелген жаран кармалды

Жазылуу
Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 112-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Лебединовка айылында 34 жаштагы жаранга белгисиз адам себепсиз бычак сайган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо кеңешинин катчысы: борбор калаада болгон атышуулар боюнча ИИМ иш алып барууда
Маалыматта айтылгандай, 30-апрелде түнкү саат 02.30 чамасында 55-60 жаштагы жаран эч себеби жок 34 жаштагы бишкектик жаранга бычак сайган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 112-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөөнүн негизинде 55 жаштагы Лебединовка айылынын тургуну кармалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0