Кадамжайда жергиликтүү мугалимди тоногондор кармалды

Жазылуу
Шектүү жарандар мугалимди сабайбыз деп коркутуп, баалуу буюмдарын тартып алган.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кадамжай районундагы кыргыз-түрк лицейинин мугалимин эки жаран коркутуп, тоноп кеткен Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 1-майда болгон. 39 жана 35 жаштагы эки жаран лицейдин мугалимин сабайбыз деп коркутуп, 12 миң сом акчасын, ноутбугун жана документтерин тартып алган.

Шектүү жарандар кармалып, жергиликтүү милицияга алып келинген. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0