Чүйдө салыктан баш тарткан жаранга 1,4 млн. сомдук төлөм чегерилди

Жазылуу
Учурда аталган жаранга кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Чүй облусунда  салыктан баш тарткан кошумча 1,4 миллион сом чегерилгенин Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн натыйжасында аталган ишкер "Эмат" ишканасынын негиздегени аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 213-беренесинин (Салык төлөөдөн баш тартуу) жана 182-беренесинин (Жалган ишкердик) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0