Сузак районунда кайрадан жер көчтү

© пресс-служба МЧС КРЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү. Архив
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кооптуу аймакта жашагандарды башка аймакка көчүрүү иштери улантылууда.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында бүгүн таңда кайрадан жер көчтү. Учурда көлөмү такталып жатканын ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өлүмү катталган эмес.

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
Белгилей кетсек, 27-апрелде аталган аймакта катары менен эки жолу жер көчүп, 16 жаштагы баланы басып калган

ӨКМдин билдирүүсүнө ылайык, Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук Жарандык коргонуу кызматтары 35 үй-бүлөнү коопсуз аймактарга көчүрдү. Жалпысы 73 үй-бүлө көчүрүлүүсү зарыл.

Жер көчкү жүргөн аймакта учурда 90го жакын куткаруучу жана 40тай дарыгер иштеп жатат.

Жакынкы күндөрдө күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кооптуу болгон аймактар катуу көзөмөлгө алынып, бул жакта жашап жаткан үй-бүлөлөрдү тез арада коопсуз жерге көчүрүү сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0