Алтын кашыктарынан ажырап, төшөгүн көтөртүп жиберген аял арызданды

Жазылуу
Ууру аялдын алтын сөйкөлөрүн, төшөктөрүн кошо көтөрө кеткен. Милиция учурда чыгымды эсептеп жатат.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Панфилов райондук милициясына алтын кашыктары баш болгон буюмдарын уурдатып жиберген кайыңдылык аял арыз менен кайрылган. Бул туурасында Чүй облустук милициясы билдирди.

Милиция: аянттагы жоогазынды балдар уурдап, чоңдор саткан
Арыз ээсинин айтымында, 24-марттын түнүндө белгисиз бирөөлөр үйүнө кирип, алты алтын кашыгын, баалуу сөйкөлөрүн жана төшөк, буюмдарын алып кеткен. 

Милиция учурда чыгымды эсептеп жатат. Бул боюнча Кылмыш кодексинин 164-беренеси (чоочун бирөөлөрдүн буюмун уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, милиция 31 жаштагы кишини кармап, убактылуу кармоо жайына киргизген.

Маалымат кызматы учурда тергөө иштери башталгандыгын кошумча кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0