Чүй менен Ысык-Атадагы 20 үйдөн экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды

© Фото / пресс-служба МВДТабылган экстремисттик маанайдагы адабияттар
Табылган экстремисттик маанайдагы адабияттар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган адабияттар боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, адистер 44 китеп боюнча "экстремисттик маанайда" деген бүтүм чыгарып беришкен.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Чүйдүн Ысык-Ата менен Аламүдүн райондорунда жыйырма үйдөн экстремисттик маанайдагы адабияттар табылды. Бул туурасында ИИМдин маалыматы кызматы кабарлады.

ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы менен Чүй облустук ИИББдин 10-башкармалыгы тарабынан экстремисттик маанайдагы иштердин алдын алуу, табуу максатында ыкчам-издөө операциясы жүргүзүлгөн.

"Жыйырма үйдөн 2 500 китеп, 600 колдонмо, 5 300 дисктер, төрт ноутбук, жети флешкарт жана бир курал табылган", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Серепчи Кадыр Маликов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маликов: жаштар интернеттен терс диний маалыматтар менен сугарылып жатат
Табылган адабияттар боюнча теологиялык экспертиза жүргүзүлүп, 44 китеп боюнча эксперттик жыйынтык чыгарылган. Адистер бул экстремисттик маанайда деген бүтүм чыгарып беришкен. Анын негизинде Кылмыш кодексинин 299-беренеси менен (Улут, раса, дин жана аймак аралык касчылыкты козгоо) кылмыш иши козголду. 

Маалымат кызматы табылган калган материалдарга да эксперттик анализ жүргүзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0