Сузакта ишкерди үйүнөн сабап, карактап кеткендер Сокулуктан кармалды

Жазылуу
Кылмышкерлер үй ээсин ур-токмокко алып, бычак менен коркутушкан. Андан соң зер буюмдар сакталган сейфтин ачкычын алып, ал жакта сакталган бардык нерсени алып кеткен. Келтирилген чыгым 800 миң сомдон ашкан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынан зер буюмдарды саткан ишкердин үйүнө белгисиз кишилер түндө кирип, үй ээсин жана аялын сабап, баалуу буюмдарын алып кеткен. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 26-апрелге караган түнү болгон. Кылмышкерлер үй ээсин сабап, бычак менен коркутушкан. Андан кийин зер буюмдар сакталган сейфтин ачкычын алып, ал жакта сакталган бардык нерсени алып кеткен. Келтирилген чыгым 800 миң сомдон ашкан.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБи тарабынан иликтөө иштери башталып, сот-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.

Акча берүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддан бир топ кишини сызга отургузуп кеткен аял Бишкектен кармалды
ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери жана Чүй ИИББдин Кайгуул милициясы кылмышкерлердин изине түшүп, аларды Чүйдүн Сокулук районунан кармашкан.

Кайгуул милициясы шектүүлөр болушу мүмкүн деген автоунааны аңдышкан. Алар биринчи Маловодное айылына жол тартышкан. Бирок аларды артынан кууп келип, Кызыл-Туу айылынан кармашкан. Шектүү жарандар машинадан түшө качкандыктан ар бирин өз-өзүнчө кармоого туура келген.

Бул ишке шектүү деп 23 жана 25 жаштагы Ош облусунун эки жараны, 29 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну жана 23 жаштагы Жалал-Абад облусунун жашоочусу кармалган.

Алардын үчөө буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы аныкталган.

Далил катары уурдалган буюмдар алынган. Тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0