Жалал-Абаддан бир топ кишини сызга отургузуп кеткен аял Бишкектен кармалды

Жазылуу
Шектүү аял тааныштарынан 20 миң доллардай алып, кайтарып бербей качып кеткен.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынан бир топ кишини алдап, сызга отургузуп кеткен аял Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Капчыкка акча салуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы медициналык колледждин мугалимдери акча "жеген" деп шектелүүдө
Ага ылайык, кармалган аял 2015-жылдын 4-ноябрдан тарта издөөдө жүргөн. Ал жергиликтүү тургундун биринен "үйүмдү сатам" деп 15 миң АКШ долларын алдап алып, кайтарып берген эмес. Андан сырткары, өзүнүн тааныштарынан дагы "машинамды сатам" деп 3800 АКШ долларын алып кайтарбай койгон. Ошондой эле дүкөндөн жалпы суммасы 1080 АКШ долларлык жылытуучу плиталарын алып, акчасын бербей качып кеткен. 

Аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү жарандын жашаган жери белгисиз болгондуктан ага издөө жарыяланган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин негизинде Жалал-Абад ОИИБнын менен Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте аталган жаранды Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармашкан.

Учурда ал Жалал-Абадга алып келинип, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0