Тогуз-Тородо жер титиреди

Жазылуу
Силкинүүнүн очогу Тогуз-Торо районуна караштуу Көш-Дөбө айылынан 35 чакырым, Макмал кыштагынан 60 чакырым алыс жайгашкан.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Эртең мененки саат 9.21де Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. 

Силкинүүнүн очогу Тогуз-Торо районуна караштуу Көш-Дөбө айылынан 35 чакырым, Макмал кыштагынан 60 чакырым алыс жайгашкан. 

Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0