Бишкек — Ош унаа жолундагы кырсыктан бир киши каза таап, 13 адам жабыр тартты

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган беш жаран Кочкор-Ата шаардык оруканасына жеткирилди.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкек—Ош унаа жолунда эки унаа кагышуусунан бир киши каза болуп, 13 жүргүнчү жабыркагандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Кырсык 22-апрелде 05.30 чамасында Ууружар айылында катталган. 

Маалыматка ылайык, Ford transit жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Натыйжада, 13 адам ар кандай жаракат алып, бир жаран көз жумган. Жаракат алган беш киши Кочкор-Ата шаардык оруканасына жаткырылган.

Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, медициналык тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0