Сүйлөшүп жүргөн жигити бычактаган кыздын абалы оор

Жазылуу
Оштун милициясы билдиргендей, 29 жаштагы жаран сүйлөшүп жүргөн кызын башка бала менен көрүп, кызганычтын айынан кызды бычак менен сайып, жанындагы баланы өлтүрүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Сүйлөшүп жүргөн делген баласы бычактаган кыздын абалы туруктуу болгону менен жарааты оор экенин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Ош шаарынын Навои паркынын жанында таанышы менен басып келе жаткан кызды белгисиз жаран моюнга төрт жолу, көкүрөк тушка эки ирет бычак урган. Кыздын жанындагы жигитке да кол салууга аракет кылган. Бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн.

Ашырбаевдин айтымында, кол салган бала кызга үйлөнөм деп төрт айдан бери сүйлөшүп жүргөн.

"Кылмышка шектүү адам кызганычтын айынан бул ишке барганын билдирүүдө. Ал өз көрсөтмөсүндө кызга үйлөнөм деп төрт айдан бери сүйлөшүп жүргөнүн айтты. Шектелип жаткан жаран Навои паркынан чыгып келе жатканда фонтандын жанындагы отургучта кыз менен бала кучакташып отурганын көргөн. Өзүн кармана албай дүкөнгө кирип 30 сомго бычак сатып алып, алгач кызды бир нече ирет сайып, андан кийин баланы өлтүрүүгө аракет кылып артынан кууган. Бирок, бала качып кеткен", — деди ал.

Унаанын ачычы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Унаасын тартып алып, кайра ээсинен акча талап кылгандар кармалды
Ашырбаев ошондой эле канга боёлуп жаткан кызды көргөндөр милицияга кабар бергенин, ошол эле учурда Тез жардам кызматы да келип, кыздын өмүрүн сактап калышканын кошумчалады.

Ал эми кылмышка шектүү жаранды милиция кызматкерлери Оштон Бишкекти көздөй жөнөп жаткан маалында кармаган. Ал тергөө учурунда бардык кылмышты мойнуна алды. Учурда убактылуу кармоочу жайда камакта.

Милициянын берген маалыматына ылайык, кылмышка шектүү жаран Алай районунун тургуну, ал эми жабырлануучу Чоң-Алайдын жашоочусу болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0