Унаасын тартып алып, кайра ээсинен акча талап кылгандар кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековУнаанын ачычы жана акча. Архив
Унаанын ачычы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөр чак түштө Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унааны тартып алган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Каракчылык менен шугулданган эки жаран кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Курал менен кармалган жигит: Бишкекке курал-жаракты катуу үчүн бараткам
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-апрель күнү саат 13:00дө "Дордой" базарынын жанындагы айланып өтмө жолдо 25-30 жаштардагы эки бейтааныш жигит Б. Маматов аттуу жаранга күч колдонуп, Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаасын тартып алган.

Андан соң аталган унаасын кайрып берүү үчүн ээсинен акча талап кылган. 

Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 170-беренесине (Опузалоо) ылайык кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад облусунун 34 жана 37 жаштагы тургундары кармалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0