БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Вандализм фактысы Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Айылдын тургундары милиция кызматкерлерине вандалдарга каршы чара көрүүнү суранышкан. Алдын ала маалымат боюнча, 17-19-апрель аралыгында христиандардын мүрзөсүндөгү тосмолор талкаланып, эстеликтер кулатылган. Канча мүрзө жабыркаганы азырынча белгисиз.
Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташты. Учурда аларды кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатканы маалыматта белгиленет.