Жалал-Абаддагы түрк лицейинде окуучулар ууланды

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар облустук жугуштуу оорулар ооруканасына алып келинген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жалал-Абаддагы түрк лицейинин сегиз окуучусу тамак-ашка ууланып, шаардык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Медицина символу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биттегендер 14 эсеге көбөйдү
Алдын ала маалыматка ылайык, 9-класстын окуучусу үйүнөн салат алып келген. Мугалимдерге айтпастан аны жатаканага алып барып, эртең мененки тамактан кийин достору менен жеген. 

Түшкө жуук эки окуучу өзүн жаман сезе баштаган, саат 15.30дарда дагы алты окуучу ичи ооруганын айтып, окуу жайдын медициналык пунктуна кайрылган. Кийин алар облустук жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Ал жактан тийиштүү анализдер алынып, дарылоо иштери жүрүүдө.

Учурда окуучулардын абалы туруктуу. Окуя болгон жерде профилактикалык иштер жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0