Шамалдуу-Сайдан бел боосуна 1,5 кг. маңзат катып келе жаткан жаран кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Шамалдуу-Сай шаарчасынын тушунда 42 жаштагы Базар-Коргон районунун тургуну кармалып, тинтүү учурунда жанынан ак бөздөн тигилген бел боосунан кара пакетке салынып скотч менен оролгон ак-саргыч түстөгү зат алынган. Анын салмагы 1,5 килограммды түзгөн. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шектүү жаран 17-апрелде саат 16-00 чамасында алынган ыкчам маалыматтын негизинде кармалган. Алынган заттар героин болушу мүмкүн делип, ага химиялык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Азыркы учурда шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын шериктерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0