ШИИБ: эски май куюучу жайдан кыз зордуктады делген эки жаран кармалды

© Фото / Jesse TherrienКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазылган арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кемин районунун 28 жана 24 жаштагы жарандары кармалды.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыз зордуктаган деген шек менен Кемин районунун эки жараны кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот зордукталган тестиер боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарды
Маалыматка ылайык, Кемин райондук ИИБге 24 жаштагы айым арыз менен кайрылып, аны 2016-жылдын 14-апрелинде кароосуз калган май куючу жайда эки жигит күч колдонуп зордуктаганын айткан.

Жазылган арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кемин районунун 28 жана 24 жаштагы жарандары кармалды.

Аталган факт боюнча кылмыш жаза кодексинин 129-беренесине (Зордуктоо) ылайык, кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0