Бишкек — Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 16-апрель күнү саат 03:30 чамасында Жайыл районуна караштуу Петропавловск айылында катталган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек — Торугарт унаа жолунда Honda Fit унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четиндеги даракты сүзгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Жүк ташуучу машинаны сүзгөн жеңил унаанын айдоочусу каза болду
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-апрель күнү саат 03:30 чамасында Жайыл районуна караштуу Петропавловск айылында катталган.

Кырсыктын кесепетинен 30 жаштагы айдоочу менен 26 жана 37 жаштагы жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген. Ал эми 29 жаштагы жаран кырсык болгон жерде көз жумган.

Учурда катталган жол кырсыгы боюнча соттук экспертиза жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0