Ысык-Көлдүн тескейиндеги 10 гектар жерди каптаган өрт төрт саатта өчүрүлдү

© пресс-служба МЧС КРӨрт өчүрүү кызматкерлери окутуулар учурунда. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери окутуулар учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ жалындын айылга чейин жайылып кетүү коркунучу болгонун, бирок ага өрт өчүрүүчүлөр жол бербегенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Тоң районундагы Кара-Талаа айылына жакын жерде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жума күнү өрттүн түтүнү күңгөй жээктен көрүнүп жатканын аны байкаган күбөлөр кабарлашкан. ӨКМдин маалыматы боюнча Кара-Талаа айылында кургак чөп күйө баштаганы тууралуу билдирүү саат 15.22де түшкөн. Аны өчүрүүгө 35 чакырым алыстыктагы Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчүлөр барып, тилсиз жоону 16.07де өчүрүүгө киришкен. 

"Жалын 10 гектар жерге жайылып кетиптир. Саат кечки жетиге чукул очогундагы өрт өчүрүлгөн. Жарым сааттан кийин дагы бир бригада кошулган. Толугу менен өрт саат 20.15те өчүрүлгөн. Ага 15 киши катышты", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жалындын айылга чейин жайылып кетүү коркунучу болгонун, бирок ага өрт өчүрүүчүлөр жол бербегенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0