Эртең менен Жалал-Абад, Ош аймагында сезилерлик жер титиреди

© Sputnik / Табылды КадырбековАсфальттагы жаранкалар. Архив
Асфальттагы жаранкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты баллдык жер титирөөнүн очогу Өзбекстанда жайгашкан. Ал эми анын күчү Чаткал, Ала-Бука, Кербен, Таш-Көмүрдө беш балл болуп сезилген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Кыргызстандын түштүк аймагында беш баллдык жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.

Япондуктардын сабырдуулугу таң калтырды —жер титирөөгө күбө болгон кыргызстандык
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча силкинүүнүн очогу Өзбекстандын аймагында, Чаткал районундагы Сумсар айылынан 30 чакырым, Ала-Букадан 52 чакырым, Кербенден 75 чакырым жана Таш-Көмүр шаарынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Мындан улам Кыргызстандын аталган айыл-шаарларында 3-5 балл болуп сезилген.

ӨКМ силкинүүдөн жабыр тарткандар катталган жок деп билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0