БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Сузак райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылган Шатырак айылынын 37 жаштагы тургунунан күйдүргү оорусу аныкталып, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жаран 1-апрелде күйдүргү дартына шектелип, ооруканага жаткырылган. Учурда абалы орто.
Азыр райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан бейтаптын жакындары көзөмөлгө алынып, профилактикалык иштер аткарылууда.