Мылтыкты баштыкка салып жүргөн Бишкек шаарынын эки тургуну кармалды

Жазылуу
Кармалган жарандар учурда аймактык милицияга алынып келип, тергөө иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Селсаяк" рейди учурунда Дордой — Бишкек автожолундагы Ак-Жол айылында милиция кызматкерлери борбор калаанын 25, 35 жаштагы жарандарын кармашкан. Тинтүү учурунда алардын жанынан номери өчүрүлгөн "АКСУ" автоматы табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

"Кармалган жарандар куралды баштыкка салып жүрүшкөн. Аларга карата Кылмыш жаза кодексинин 241-беренеси (курал-жаракты мыйзамсыз сактоо, алып жүрүү) боюнча кылмыш ишин козгоо каралууда", — деп билдиришти шаардык милициядан.

Учурда эки киши аймактык милицияга алынып келип, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми алынган курал экспертизага жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0