Баткенде мыйзамсыз 600 тоннадан ашык көмүр казган ишканага кылмыш иши козголду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр казуу иштери. Архив
Көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Финансы полициясы тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Баткенде мыйзамсыз көмүр казган ишканага карата кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аймактагы "Ак-Тилек" ишканасы тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, 614,2 тонна көмүр казууга жетишкен. Мында аталган мекеме 1 миллион 842 миң сом киреше тапкан.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду. Финансы полициясы тергөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0