Ош — Бишкек жолунда Тажикстандын 22 жаранын тоногондор кармалды

Жазылуу
Учурда карактоого барды деп шектелгендер эки айга камакка алынды.

БИШКЕК, 13-апр. —Sputnik. Ош — Бишкек жолунда микроавтобус менен бараткан Тажикстандын 22 жаранын тоногондор кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад ШИИБден кабарлашды.

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарынын тургунун өлтүрдү делген жаран кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү саат 05:00дө Ош — Бишкек жолунда 22 тажик жараны менен бара жаткан Mersedes-Benz үлгүсүндөгү микроавтобус тыныгуу үчүн жолго токтогон. Ал учурда Бишкек тараптан келе жаткан мамлекеттик номери жок Mersedes-Benz 280E үлгүсүндөгү унаадан төрт жигит түшүп, тапанчасы менен аларды коркутуп кирген. Кылмышкерлер айдоочунун 150 миң сомун, тажик улутундагы жарандардын 59 миң рублин, 2000 теңгесин жана 9 даана уюлдук телефондорун тартып алган. 

Ошол эле күнү айдоочунун жазган арызысынын негизинде аталган факты боюнча кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө аракеттеринин натыйжасында Mersedes-Benz 280E үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси жок унаа Ноокен районуна караштуу Маасы айылында токтотулуп, кылмышка шектүү катары Сузак районунун 24 жаштагы тургуну, Ош шаарынын 24 жаштагы эки тургуну жана Ноокат районунун 23 жаштагы тургундары кармалган. 

Ноокен райондук сотунун чечими менен кармалгандар эки айга камакка алынды. 

Учурда тергөө иштери жүрүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу такталууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0