Пакистандагы автокырсыктан 18 адам мерт кетти

© AFP / IRFAN BURKIПакистандагы оорукана. Архив
Пакистандагы оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол узак болгондуктан жүргүнчүлөрдүн көбү уктап жаткан.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Пакистандын Фейсалабад шаарында автобус менен жүк ташуучу унаа кагышып кеткенин Pakistan today сайты билдирди.

Автобус Лахор шаарынан Леяхты көздөй баратканы аныкталды. Жол узак болгондуктан жүргүнчүлөрдүн көбү уктап жаткан. Кырсыктан 18 киши мерт кетти.

Учурда авариянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0