БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кечээ, 12-апрель күнү Кыргызстандын түштүк аймагында 3 баллдык жер титирөө болгонун ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, 19.28де катталган силкинүүнүн очогу Өзгөн шаарынан алты чакырым, Ош шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Өзгөндө, Шералы, Шоро-Башат айылдарында 2,5-3 балл болуп сезилди.
Силкинүүдөн жабыркагандар катталган жок.