Сузакта уруша кетип таанышын тээп өлтүргөн 41 жаштагы жаран колго түштү

Жазылуу
Кылмыштан соң шектелип жаткан жаран шаардан чыгып кетүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Сузакта таанышын өлтүрдү деп шектелген 41 жаштагы жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Оорукананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 25 жашар жигит өз өмүрүн кыюу үчүн төртүнчү кабаттан секирип кетти
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Көк-Жаңгак шаарындагы үйлөрдүн биринен азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Текшерүү учурунда анын зордук-зомбулукка кабылганы аныкталган эмес. Милиция кызматкерлери каза болгон жаран Сузактын 40 жаштагы тургуну экенин тактаган. Соттук-медициналык экспертиза маркум мээсине кан куюлуп каза болду деген жыйынтык чыгарган.

Алгачкы териштирүү учурунда чыр-чатактын айынан кармалган жаран таанышын бир нече жолу тээп жибергени ачыкка чыкты. Мындан улам ал эс-учун жоготуп жыгылып, ошол боюнча каза болгон.

Коркуп кеткен шектелүүчү шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып, бирок укук коргоо органдары тарабынан колго түшүрүлгөн. 

Учурда ага карата кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0