Аялды таш менен башка коюп телефонун алып кеткен жаран кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүү катары 44 жаштагы эркек киши кармалды.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Беловодск айылында аялды таш менен башка коюп, телефонун алып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жуулуп жаткан жеринен унааны айдай качкан жаран кармалды
Кылмышкерди издөө иштери аялдын арызынан кийин жүргүзүлгөн. Анын айтымында, Октябрь менен Комсомол көчөлөрүнүн кесилишинен азиат улутундагы белгисиз адам аны таш менен башка уруп, телефонун уурдап кеткен. 

Кайгуул милициясы аталган кылмышка шектүү катары 44 жаштагы эркек кишини кармашты. Учурда ал убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 167-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0