БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ноокатта ИИМдин Мамлекеттик атайын коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын (ИИМ МАККББ) райондук бөлүмүнүн жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ага ылайык, кармалган подполковник 15-мартта Коррупцияга каршы кызматка МАККББ кызматкерлери жетекчисинин объектилерди кайтаруудан түшкөн акчаларды өзүнө ыйгарып алгандыгы тууралуу даттанышкан.
Аудитордук компания тарабынан текшерүү учурунда мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Бул фактыларды жаап-жашыруу үчүн бөлүмдүн жетекчиси ККК кызматкерине 150 миң сом пара берип жаткан учурунда кармалган.
Ага КРдин Кылмыш жаза кодексинин 314-беренесине ("Пара берүү") ылайык кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту аны үй камагына алуу боюнча чечим кабыл алды.