Ысык-Көлдө жол кырсыгынан бир үй-бүлө мерт кетти

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тору-Айгыр айылында эки унаа кагылышып, 58 жаштагы киши, анын 55 жаштагы жубайы жана 19 жаштагы баласы каза болгон.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө жол кырсыгынан үч адам мерт кетти. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирет. 

Милициядан эки машина катары менен бир кишини коюп кеткен окуянын чоо-жайын айтып беришти
Ага ылайык, кырсык жекшемби күнү түндө болгон. Анда Каракол шаарынын 47 жаштагы тургуну айдап келе жаткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү унаасы менен Тору-Айгыр кыштагында Audi-100 кагылышып кеткен. 

Анын кесепетинен Audi-100 унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча көз жумгандар 58 жаштагы жаран, анын 55 жаштагы жубайы жана 19 жаштагы баласы экени белгилүү болду. 

Учурда экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0