ИИМ: кылмыштуу топтун мүчөсү 9 грамм нашаа менен колго түштү

Жазылуу
Милициядан кармалган жарандын башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилип жаткандыгын айтышты.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Милициянын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшкөн башкармалыгы тинтүү-издөө иштерин жүргүзүп, Бишкекте жашаган балыкчылык кишини баңги зат менен кармады. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынанан билдиришти. 

"Кармалган киши өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМде катталган.Үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, милиция 9 грамм нашаа тапкан", — дешти ИИМден.

Маалымат кызматы учурда кармалган жарандын башка оор кылмыштарга тиешеси бар-жоктугу текшерилип жаткандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0