Бишкектин чок ортосунда адамды бычактап кетишти

Жазылуу
Кол салуу болуп жатканын видеокамералар тартып калган. Учурда укук коргоо органдары кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Тез жардам кызматына 6-апрелге караган түнү бычакталган адам тууралуу билдирүү түшкөн. 

Маалыматка ылайык, окуя Шопоков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Күбөлөрдүн айтымында, кол салгандар бычакты жүрөк тушка сайып кетишкен.

"25 жаштагы жарандын жарааты катуу экени аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам кызматы бычак жеген адамды сактап кала алышкан эмес. 

Бишкек ШИИБ иликтөө ишин баштады. Кафенин жанындагы видеокамералар маркумга кол салынып жаткан учурду каттап калган.

"Кафенин ичинен уруша кеткендер эшикке чыгып сүйлөшүүнү чечишкен. Окуя бирөөсүнүн өлүмү менен аяктаган", — дешти милициядан.

Учурда укук коргоо органдары кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0