Денесин ит жеген ымыркайдын энеси аны багууга шарты жоктугунан таштап кеткен

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-мартта Талас шаарынан айрым дене мүчөлөрү жулунган жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Талас шаарынын Оторбаев атындагы көчөдөгү үйлөрдүн биринин огородунан дене мүчөлөрү жулунган ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын ага инспектору Максат Абдысейитов билдирди.

Жети баштагы баланы тиштеп алган иттин ээси компенсация төлөмөй болду
Анын айтымында, окуя 26-мартта болгон. Шаар тургуну анын алабай породасындагы ити шектүү затты тиштеп келгенин айтып, милицияга кайрылган. Окуя болгон жерге облустук жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, шаардын прокурору ыкчам топ менен келген. Окуя болгон жерди кароо учурунда дене мүчөлөрү жулунган жаңы төрөлгөн баланын сөөгү табылган. Ал боюнча соттук медициналык, соттук биологиялык экспертиза дайындалган.

Абдысейитов кылмыштын бетин ачуу үчүн атайын топ иш алып барып, анын натыйжасында 3-апрелде кылмышка шектүү аял кармалган.

"Ымыркайды төрөп таштап кеткен эне кармалып, камакка алынды. Азыр сурак берип жатат. Ал мындай кадамга никесиз төрөп жана баланы багууга шарты жок болгондуктан барганын айтып жатат. 25 жаштагы шектүү келин буга чейин турмушка чыгып ажырашкан экен. Биринчи күйөөсүнөн кызы бар экени билинди", — дейт ал.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: ымыркайдын денеси "Спасибо за покупку!" деген жазуусу бар баштыкта экен
Абдысейитов ошондой эле, милицияга кабар берген жарандын макулдугу менен анын ити атылып ветеринардык кызматтын өкүлдөрү тарабынан атылып, ичин карашкандар иттин ашказанынан ымыркайдын дене мүчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү табылганын кошумчалады.

Учурда шектүү аялга карата Кылмыш жаза кодексинин 121-беренесинин 2-бөлүмү (Адамды коркунучтуу абалда калтыруу) менен кылмыш иши козголду. Тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0