Россияда дарыгерлердин замбилинен кулап кеткен 65 жаштагы бейтап көз жумду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам унаалары. Архив
Тез жардам унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
65 жаштагы бейтап дарыгерлердин замбилинен кулап кеткен. Тергөөчүлөр бул боюнча кылмыш ишин козгошту.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Россиянын Приморье аймагында оорулуу пенсионерди замбилинен кулатып ийген дарыгерлердин иши боюнча кылмыш иши козголгонун аймактык тергөө башкармалыгына таянуу менен РИА Новости билдирди.

Былтыр октябрь айында Уссурийск шаарында Тез жардам кызматы ооруканага 65 жаштагы пенсионерди алып келген. Аны терапия бөлүмүнө жаткыруу чечими кабыл алынган. 

"Дарыгерлер аны коопсуздук куру менен курчабай койгон. Анын кесепетинен, бейтап жерге кулап түшүп, алган жарааттарынан улам мерт кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Аймактык тергөөчүлөр бул боюнча кылмыш ишин козгоп, күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча чараларды көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0