Өз кесиптешинен 500 доллар пара алган ЖАМК кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Турак колониясындагы айрым мыйзам бузууларды таап чыккан кызматкерлер ишти оң жагына ооштуруу үчүн акча талап кылышкан.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын ички коопсуздук башкармалыгынын кызматкерлерине карата пара алганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто милиция пара алып жаткан дарыгерди колго түшүрдү
Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер ЖАМК инспекторунан текшерүү учурунда табылган дал келишпестиктерди жаап-жашыруу үчүн 500 доллар пара талап кылышкан. 

Прокуратура менен УКМК кызматкерлери 400 долларын ага чейин алып, калган 100 долларын алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 313-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалгандар №1 тергөө абагына камакка алынышты.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0