Кафенин ээсин бычак менен коркутуп, чечиндирип кеткен 16 жаштагы таластык кыз кармалды

Жазылуу
Кармалган жаран кафенин ээси — 19 жаштагы кызды сабап, кийип жүргөн күрмөсү менен жылуу кийимдерин чечтирип алган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкектеги кафелердин биринин ээсин мойнуна бычак такап, уруп-сабап, тоноп кеткен 16 жаштагы кыз кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Бишкекте желим тапанча менен коркутуп ондон ашык дүкөндү тоногондор кармалды
Маалыматка ылайык, окуя март айында болгон. Кармалган жаран кафенин ээси — 19 жаштагы кызды сабап кийип жүргөн күрмөсү менен жылуу кийимдерин чечтирип алган. 

Арыздын негизинде иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Талас облусунун 16 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0