Токтогулда уктап кеткен айдоочу алдындагы фураны сүзүп алды

Жазылуу
Унаанын ичиндеги беш тажикстандык жаран жеңил жараат алганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Токтогулда Toyota Previa унаасынын айдоочусу жолдо уктап калып, алдында бара жаткан Mercedes-Benz фурасын сүзгөн деп билдирет ӨКМ.

Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 293-чакырымында болгон. Toyota Previa унаасындагы беш жүргүнчү Тажикстандын жарандары экени айтылууда. 

Министрлик кырсыктан машинадагылар жеңил жаракат алышканын, бирок эч кимиси ооруканага кайрылбаганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0