Ошто Калашников автоматы сакталган жашыруун жай табылды

Жазылуу
Табылганын ээси буга чейин мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана зордуктоо беренелеринин негизинде соттолуп, учурда абакта экени аныкталган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районунун жергиликтүү тургунунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылганын ИИМ билдирди.

Охотничий дробовик и пули. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Таласта курал менен кызыл кулактык кылган аял кармалды
Маалыматка ылайык, АК-74 Калашников автоматы менен бир магазини үйдүн чатырындагы жашыруун жайда сакталып келген. Ал эми табылганын ээси буга чейин мыйзамсыз курал-жарак сактоо жана зордуктоо беренелеринин негизинде соттолуп, учурда абакта экени аныкталган. 

Ушу тапта жаңы табылган куралга баллистикалык экспертиза дайындалып, анын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0