Жети жаштагы Даниелдин өлүмү боюнча айыпталган аял сот учурунда курсагын тилип жиберди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛезвие. Архив
Лезвие. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүн өзү жарадар кылууда аял оттуктун алдын ала курчутулган темирин пайдаланган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Биринчи класстын окуучусу Даниелдин өлүмү боюнча соттолуп жаткан аял сот отурумунун учурунда өзүнүн ичин тилип салды. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

"Ал ордунан тура калып, баары бир акталбай турганын айтып кыйкырып, андан көрө өзүн өлтүрүп салуу жеңил деди. Кофтасын өйдө көтөрүп, лезвиеге окшош темир менен өзүнүн ичин кескилей баштады", — деди ал.

Никсдорф күзөттөгүлөр колунан "куралын" алып коюшканын белгиледи.

"Анын колунда оттуктун алдын ала курчутулган темир болгону аныкталды", — деди ал.

ЖАМК кызматкеринин айтымында, соттолуучунун тыюу салынган буюм-тайымдарын убактылуу кармоочу жайдын көзөмөлдөөчүлөрү текшериши керек.

"Аял учурда сот имаратында. Тез жардам чакырылып, ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Ооруканага жаткыруунун зарылдыгы жок", — деди ал.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде агасы менен жеңесин бычактап өлтүргөн жаран эки айга камакка алынды
Былтыр 10-декабрда жети жашар Даниел аттуу бала жоголуп кеткен. Аны Майрам аттуу аял акча талап кылып уурдап кеткени айтылган. Ал баланын энесине SMS-билдирүү жөнөтүп, каражат талап кылган. Даниелдин апасы милиция кызматкерлерине кайрылган. Тилекке каршы, бала каза болуп калган. Колго түшкөн 39 жаштагы Майрам баланы өлтүргөнүн мойнуна алып, сөөгүн катып койгон жерди көрсөтүп берген. Аял Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0