БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Ата райондук убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери кармалган жаранды кыйноого алган деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 7-мартында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган жаран Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайга өткөрүп берилген. Төрт күндөн кийин аталган жаран №21 жаза өтөө жайына алып келгенде ден-соолугунун начарлыгына байланыштуу кайра артка кайтарылган.
Соттук медициналык экспертиза кылмышка шектүүнүн ден-соолугуна оор эмес залал келтирилген деген тыянак чыгарган.
Аталган факт боюнча Кылмыш жазык кодексинин 305-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.