Бишкекте велосипед тээп бараткан окуучу кызды унаа коюп кетти

Жазылуу
17 жаштагы кыздын сөөктөрү сынып, баш мээси чайкалган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте шаршемби күнү кечинде велосипед тээп бараткан окуучу кызды унаа коюп кеткенин Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Тез жардамга маалымат 21.04тө түшкөн. №42 мектептин жанында велосипедчен кызды машина сүзүп кеткени аныкталган", — деди ал.

Жабырлануучуга жардам көрсөтүлүп, Бишкек травмотология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилди. Анын баш мээси чайкалып, сөөктөрү сынганы белгилүү болду.

Борисов кырсыкка себепкер айдоочу авария болгон жерде экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0