Бишкекте кожейке 9-кабаттан кулап каза болду

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКөп кабаттуу үй. Архив
Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аял өз үйүнөн кулап кеткени айтылууда. Тамда андан башка эч ким жок болгон.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү эртең менен борбор калаанын 6-кичи районунда аял тогузунчу кабаттын терезесинен кулап кеткенин Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Эртең мененки саат 8.10до 6-кичи районго чакыруу келди. Окуя болгон жерден дарыгерлер 50 жаш курагындагы аялдын сөөгүн табышкан. Күбөлөрдүн айтымында, ал 9-кабаттан кулап кеткен", — деди Борисов.

Дарыгер маркум өз үйүнөн кулаганын кошумчалап, тамда андан башка эч кимдин жок экенин белгиледи.

Аялдын сөөгү шаардык өлүкканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0