Ошто милиция пара алып жаткан дарыгерди колго түшүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы жана акча. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштери Кара-Суу айылында жашаган тургундун арызынан кийин башталган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Ош шаарында бейтапты ооруканага жаткырып, дарылоо үчүн 12 миң сом пара алып жаткан дарыгер кармалганын ИИМ билдирди.

Аскер билети үчүн 25 миң сом талап кылган комиссариаттын кызматкери кармалды
Маалыматка ылайык, милицияга Кара-Суу районунун тургуну кайрылып, облустук оорукананын дарыгери акча талап кылып жатканы тууралуу айткан. 

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин (Кызматкердин мыйзамсыз сый акы алуусу) кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган дарыгер талап кылган сумманын теңин алып жатканда колго түштү.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0