Су-25 аскердик учагы Приморьеде кулады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСу-25 аскердик учагы Приморьеде куладый
Су-25 аскердик учагы Приморьеде куладый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган учак согуш талаасынын үстүнөн учуп, жердеги аскерлерге колдоо көрсөтөт. СССР мезгилинде учак "Грач" (Чар карга) аталышына ээ болгон.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Су-25 аскердик учак Примоерьенин Черниговка айылына кулаганын күч структураларына таянуу менен РИА Новости билдирди.

"Алдын ала маалымат боюнча учак айылдын жанына түштү", — деди маектеш.

Анын айтымында, учкуч секирип кетүүгө үлгүргөн, жабырлануучулар жок.

Азырынча бул боюнча расмий билдирүү таратыла элек.

Су-25 учагы согуш талаасынын үстүнөн учуп, жердеги аскерлерге колдоо көрсөтөт. СССР мезгилинде учак "Грач" (Чар карга) аталышына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0