Кочкордо мыйзамсыз балык кармаган жаранга 142 миң сом доо коюлду

Жазылуу
Текшерүү учурунда жергиликтүү тургундун 141 балык алынган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кочкор районуна караштуу Ара-Көл көлмөсүнөн мыйзамсыз балык кармаган жергиликтүү тургунга 142 миң сом доо коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында Чолпон айыл өкмөтүнүн Оро-Башы айылынын тургуну 25 жаштагы Шайлообек уулу Жаныбек уруксаты жок балык кармап жаткан жеринен кармалган.

Аталган мекеменин кызматкерлери Балык чарба департаментинин адистери менен биргелешкен рейд уюштуруп, мыйзамсыз балык уулаган жарандан 141 даана балык аныкталган.

"Ага 142 миң 410 сомдук доо коюлду", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0