Кыргызстанда теракт жасоого даярданган топ кармалып, мүчөлөрү камакка алынды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар согушка жаңы рекруттарды жөнөтүү каналын түзүп, Кыргызстандын аймагында диверсиялык-террористик акцияларды даярдашкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жашыруун террористик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын УКМК билдирди. 

Улуттук Гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиянын аскерлерине жихаддын чыныгы маанисин түшүндүрүп жатышат
Аталган мекеме март айында эл аралык террористик уюмдардын ишмердүүлүгүн жоюу боюнча терроризмге каршы иш-чараларын жүргүзүп келген. Натыйжада террористтик уюмдун жети мүчөсү кармалган. 

Колго түшүрүлгөндөр согушка жаңы рекруттарды жөнөтүү каналын түзүп, Кыргызстандын аймагында диверсиялык-террористик акцияларды даярдашкан.

Азыркы маалда террористик уюмдун мүчөлөрү камакка алынды. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0