КРден Тажикстанга 1500 килограммга жакын курутту мыйзамсыз ташып бараткан жаран кармалды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЗона таможенного контроля. Архивное фото
Зона таможенного контроля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 28-мартта болгон. Мыйзамсыз ташылып бараткан товардын болжолдуу баасы 200 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Баткен облусунун Эки-Таш аймагынан Тажикстанга 61 кап (1460 килограмм) курутту Hyundai Porter автоунаасына жүктөп алып, мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-мартта болгон. Мыйзамсыз ташылып бараткан товардын болжолдуу баасы 200 миң сомду түзөт.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган товар Бажы кызматынын аймактык кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0